Кыргызстанда жөлөк пул алгандардын саны кыскарды

Коом 6 февраль 2026 16:40
Кыргызстанда жөлөк пул алгандардын саны кыскарды

Бишкек, 06.02.26. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов ведомствонун коллегиясында 2025-жылы социалдык программаларды ишке ашыруунун жыйынтыктары тууралуу маалымдады.

Анын айтымында, министрлик мамлекеттик жардамды максаттуу бөлүштүрүүнү жана калктын аз камсыз болгон катмарларына даректүү колдоо көрсөтүүнү күчөтүүдө.

"Натыйжада жөлөк пул алуучулардын саны дээрлик 195,9 миң адамга кыскарып, 2021-жылы 359,5 миңден 2025-жылы 163,6 миңге чейин азайды", - деди ал.