Бишкекте оңдоодон өткөн Менделеев көчөсү ачылды

Коом 22 сентябрь 2026 17:05
664c4028-a071-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
6532ac24-8a9c-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
9179903d-4fd0-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
d0ea3612-6ec2-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

copyright icon Кабар

Бишкек, 22.09.26. /Кабар/. Бишкекте Менделеев көчөсүндөгү жаңыланган жол пайдаланууга берилди. Жолдун оңдолгон тилкесинин узундугу 590 метрди түзөт. Бул тууралуу Свердлов районунун акими Медербек Амангелдиев билдирди.

Анын айтымында, оңдоо иштери быйыл апрель айында башталган. Суу түтүктөрүн алмаштырууга байланыштуу иштердин аякташы болжол менен бир айга кечиккен. Андан кийин тургундар да жаңы коммуникацияларга кошулган.

"Көчөдө эки тротуар жана эки ирригациялык система курулду. Буга чейин жолдун узундугу 550 метр болсо, азыр 40 метрге узартылды. Жолдун туурасы болжол менен 7 метрди түзүп, мурда тротуарлар болгон эмес", — деди Медербек Амангелдиев.

Ал кошумчалагандай, реконструкция иштерине шаардык бюджеттен 30 млн сом бөлүнгөн.

Ошондой эле иштердин жүрүшүндө 10 тосмо алынды.