Бишкек, 10.11.26. /Кабар/. Араван, Ноокат, Кара-Суу жана Өзгөн райондорунда маданият үйлөрү менен китепканалардын абалы текшерилип, кемчиликтерди жоюу боюнча тапшырмалар берилди.
Бул маселе президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө өткөн аппараттык кеңешмеде каралды.

Өкүлчүлүктүн маалыматына караганда, жыйында авариялык абалдагы жана капиталдык оңдоого муктаж маданият мекемелеринин абалын жакшыртуу, айылдык китепканалардын ишин жандандыруу, китеп фонддорун жаңы басылмалар менен толуктоо жана интернет байланышын жакшыртуу маселелери талкууланды.
Ошондой эле айылдарда көп функциялуу маданий борборлорду уюштуруу жана китепканачылар үчүн окууларды өткөрүү сунушталды.
Жыйынтыгында тиешелүү жетекчилерге бир катар тапшырмалар берилди.