Бишкек, 22.09.26. /Кабар/. Бишкектин 6-кичи районундагы эски жолдун боюндагы тротуарды келерки жылы оңдоо пландалууда. Бул тууралуу Октябрь районунун акими Жолдош Чуштуков пресс-турдун жүрүшүндө журналисттин суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек шаарындагы объектилерге мэр Айбек Жунушалиев баштаган пресс-тур өтүп жатат.
Журналист райондун тургундары тротуардын абалы боюнча бир нече жолу даттанганын белгиледи. Буга жооп берип жатып аким аталган тротуарды оңдоо иштери келерки жылга пландалганын маалымдады.