Бишкек, 10.09.26. /Кабар/. 17-сентябрда Бишкектин айрым жерлеринде убактылуу суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өчүрүү району эски аэропорттун аймагы, Ч. Айтматов проспектиси, Токтоналиев жана Т. Океев көчөлөрүн камтыйт.
Бул күнү саат 09:00дөн саат 19:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине, ошондой эле башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.
Суу “Аэропорт” суу топтомосунда профилактикалык оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу токтотулат.
“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы жашоочуларды, уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап коюуну суранат.