Арча-Бешик конушунда 570 орундуу мектеп курулду

Коом 22 сентябрь 2026 17:25
819565904_1597389311860112_6960721983185920878_n.jpg
819040980_1597389445193432_321616889437364854_n.jpg
819587747_1597389355193441_3405558905210330060_n.jpg
Алдыга
Артка
819565904_1597389311860112_6960721983185920878_n.jpg
819040980_1597389445193432_321616889437364854_n.jpg
819587747_1597389355193441_3405558905210330060_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 22.09.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушундагы №79 мектептин 570 орундуу жаңы имаратынын курулушу толугу менен аяктады.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, үч кабаттуу жаңы корпус эки нөөмөттө иштеп, 1000ден ашык окуучунун билим алуусуна шарт түзөт.

Аталган мектеп президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 2026-жылы курулушу башталган 20 мектептин бири болуп саналат.

Жаңы мектеп республикалык бюджеттин эсебинен курулуп, заманбап талаптарга ылайык жабдылды. Имаратта окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, жыйындар залы, компьютердик класс, дарыгердин бөлмөсү жана спорт залы каралган. Ошондой эле окуучулар үчүн тышкы спорт аянтчалары уюштурулуп, мектептин аймагы көрктөндүрүлдү.

Жаңы мектептин пайдаланууга берилиши Арча-Бешик конушундагы окуучулар үчүн сапаттуу жана коопсуз билим алуу шарттарын кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.