Кыргызстанда ЖККУнун командалык-штабдык машыгуулары өтөт

Аналитика Загрузка... 12 Сентябрь 2025 15:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www
Бактыбек Мамбетов

Бактыбек Мамбетов

Бардык материалдар

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) катчылыгы билдиргендей, Борбордук Азия аймагынын Ыкчам жайгаштырууучу жамааттык күчтөрүнүн бөлүмдөрү менен "Рубеж-2025" командалык-штабдык машыгуусунун катышуучулары Кыргыз Республикасына кайрадан топтолууда. "Эдельвейс" окуу-машыгуу борборунун аймагында жана Ысык-Көлдүн акваториясында ЖККУга мүчө мамлекеттин аймагына басып кирген мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү жок кылууга багытталган согуштук аракеттерди даярдоо жана жүргүзүү боюнча "Рубеж-2025" командалык-штабдык машыгуусу өтөт.

ЖККУ форматында өткөрүлүп жаткан машыгуулар пландуу болуп саналат. Машыгуунун максаты — башкаруу органдарынын жана аскерлердин ырааттуулугун өркүндөтүү, ошондой эле күчтөрдүн жана каражаттардын түзүмдөрүнүн жамааттык коопсуздукту камсыз кылуусу.

Борбордук Азия регионунун Ыкчам жайгаштырууучу жамааттык күчтөрүнүн курамына куралдуу күчтөрдүн заманбап курал-жарак жана аскердик техника менен жабдылган туруктуу даярдыктагы бөлүктөрү жана бөлүмдөрү кирет. Бул күчтөрдүн негизги милдеттери болуп тышкы аскердик агрессияны кайтаруу жана биргелешкен терроризмге каршы операцияларды жүргүзүүгө катышуу саналат.

Быйыл ЖККУ Беларусия, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын аймагында сегиз машыгуу өткөрөт. Эксперттер аймактык коопсуздук үчүн структуранын маанилүүлүгүнө көңүл бурушат.

ЖККУнун мааниси акыркы жылдары өзгөчө өстү. Мисалы, 2021-жылы Душанбе Тажикстан–Афган чек арасын чыңдоо боюнча уюмдан жардам сураган, себеби Афганистандын өкмөттүк армиясы менен "Талибан" кыймылынын согушкерлеринин ортосунда салгылашуулар жүрүп жаткан. 2022-жылдын башында Казакстандын бийлиги ЖККУга республикага жардам берүү өтүнүчү менен кайрылган, анткени 2-январда массалык башаламандыктар башталган. Абалды нормалдаштыруу үчүн өлкөгө 3 миңден ашуун адамдан турган жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөр жөнөтүлгөн. Кырдаал жөнгө салынгандан кийин тынчтык орнотуучулар Казакстандан чыгарылган.

Саясат таануучу Марс Сариев ЖККУнун Афганистандын түндүк провинцияларындагы татаал кырдаалга жана аймактын мамлекеттеринде экстремисттик уюмдардын болушуна байланыштуу террордук аракеттердин мүмкүн болгон көрүнүштөрүнө жооп кайтарууга пландаштырылган даярдыгы деп карайт.

"ЖККУнун "Рубеж-2025" машыгуулары Кыргызстанда Борбор Азиядагы аскердик активдүүлүктүн өсүшүн жана уюмдун коңшу аймактардагы туруксуздуктун фонунда өз күчтөрүнүн оперативдүү шайкештигин чыңдоо аракетин чагылдырат. Ысык-Көлдүн жанында жана "Эдельвейстин" базасында стратегиялык маанилүү аймакта машыгууларды өткөрүү Кыргызстандын ЖККУ алкагындагы негизги өнөктөш катары маанилүүлүгүн, ошондой эле терроризмди жана мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдү камтыган трансчек аралык коркунучтарга биргелешип жооп берүүгө даярдыгын көрсөтүүгө кызыкдар экенин баса белгилейт", — дейт Марс Сариев.

Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын мурдагы башчысы Асанбек Алымкожоев «Кабар» агенттигине берген комментарийинде ЖККУ Борбор Азияда гана эмес, Евразия континентинин бир кыйла бөлүгүндө да маанилүү турукташтыруучу ролду ойной турганын айтты.

"21-кылым сыноолордун мезгили болуп калды. 25 жылдын ичинде согуштардын саны кескин көбөйдү. Ирак, Афганистан, Сирия, Ливия, Палестина жана бул ысык чекиттердин баары эле эмес. Курч мамилелер КМШ өлкөлөрүндө дагы чыр-чатактарга алып келүүдө, кээ бир жерлерде тирешүү күчөп баратат. Мунун баары абалдын өтө курч экенин көрсөтүп турат.
Борбордук Азия аймагында эл аралык терроризм негизги коркунуч бойдон калууда. Ирактагы жана Сириядагы согуштардан кийин бардык кыйратуучу күчтөр Афганистанда топтолду, алар негизги коркунуч болуп саналат. Бул кырдаалда Кыргызстанга башка Борбордук Азия республикалары сыяктуу эле, бул күчтөргө каршы биргелешип күрөшүү керек. Биздин аймактагы коопсуздуктун кепили катары ЖККУга альтернатива жок", – деп белгиледи генерал Алымкожоев.

Эскерте кетсек, аймактагы тез жайгаштыруучу жамааттык күчтөр 2001-жылы ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечиминин негизинде түзүлгөн. Алардын курамына куралдуу күчтөрдүн туруктуу даярдыктагы бөлүктөрү жана бөлүмдөрү кирет, алар заманбап курал-жарак жана аскердик техника менен жабдылган. Бул күчтөрдүн негизги милдеттери болуп тышкы аскердик агрессияны кайтарууга жана биргелешкен терроризмге каршы операцияларды жүргүзүүгө катышуу саналат.

Токон Мамытов ЖККУнун ишмердүүлүгүн союздаш өлкөлөр үчүн бөлүнгүс коопсуздуктун көз карашы менен карайт. Бул — достук мамлекеттердин жакшы даярдалган, техникалык жактан жабдылган жана куралданган тез жайгаштырууучу жамааттык күчтөрү болуп, тынчтык жолу менен өнүгүүгө жана экономикалык күч-кубатын арттырууга мүмкүнчүлүк берген маанилүү фактор.

«Коопсуздук бул - экономикалык өнүгүүнүн, инвестициялардын, инфраструктуралык долбоорлордун, интеграциянын пайдубалы. Коопсуздук кепилденгенде ишеним артып, бизнес үчүн, аймактык демилгелер үчүн климат жакшырат. Жалпы жоопкерчилик жана тилектештик. ЖККУ Борбор Азия өлкөлөрүнө жалгыз эмес, кызматташтыкта, ресурстарды, тажрыйбаны, күчтү бөлүшүп аракеттенүүгө мүмкүндүк берет. Бул жооп кайтаруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, айрым мамлекеттерге жүктү азайтат», — деп белгиледи Токон Мамытов.

Бүгүн уюм өзүнүн негизги максаттарын — тынчтыкты, эл аралык жана аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту чыңдоо, мүчө мамлекеттердин көз карандысыздыгын, аймактык бүтүндүгүн жана эгемендүүлүгүн коргоодогу милдеттерин ийгиликтүү аткарып келүүдө.