Кыргызстанда жүгүртүүдөгү акча 317 млрд сомдон ашты

Экономика Жүктөлүүдө... 23 Июль 2026 16:50
somy.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 23.07.26. /Кабар/. Кыргызстанда жүгүртүүдөгү акчанын жалпы көлөмү 2026-жылдын 1-июлуна карата 317 млрд сомдон ашты. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 31 млрд 20 млн сом коммерциялык банктардын кассаларында, ал эми 286 млрд млн сом банк тутумунан тышкары жүгүртүүдө болгон.

"2026-жылдын экинчи чейрегинде коммерциялык банктардын кассаларына өлкө аймагынан 1 трлн 841,6 млрд сом келип түшкөн. Бул көрсөткүч 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 36,9 пайызга өскөн. Ошол эле мезгилде банктардын кассаларынан 1 трлн 880,3 млрд сом берилген. Бул өткөн жылдын экинчи чейрегине салыштырмалуу 35,9 пайызга көп", - деп айтылат маалыматта.

Улуттук банктын маалыматына караганда, экинчи чейректе коммерциялык банктардын кассаларына нак акчанын кайтарымдуулугу 97,9 пайызды түздү.