Кыргызстанда жети айда ИДПнын көлөмү 1,1 трлн сомдон ашты

Экономика 236 14 Август 2026 13:10
IMG_8434.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 14.08.26. /Кабар/. Кыргызстанда ички дүң продукт 2026-жылдын январь-июль айларында алдын ала баалоо боюнча 1 трлн 172,7 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка караганда, ИДПнын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,1 пайызга өскөн.

Өсүш негизинен курулуш, айыл чарба, дүң жана чекене соода, ошондой эле өнөр жай тармагындагы оң көрсөткүчтөрдүн эсебинен камсыздалды.