Кыргызстанда жер титиреди

Кырсык 31 март 2026 16:15
Кыргызстанда жер титиреди
copyright icon Сейсмология институту

Бишкек, 31.03.26 /Кабар/. Бүгүн, 31-мартта саат 13:20да Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Маалыматка ылайык, жердин силкинүүсү очогунда күчү 3,5 баллга жетип, Сары-Иймек жана Кара-Кече айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жер титирөөнүн кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.