Бишкек, 04.08.26 /Кабар/. Кыргызстанда инвесторлорго жер сатылбайт, бирок узак мөөнөткө ижарага берүү аркылуу ири долбоорлорду ишке ашырууга шарт түзүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Кабар подкастка” билдирди.
Анын айтымында, инвесторлорду тартуу үчүн жерлер 49 жылга чейин ижарага сунушталып, завод-фабрикалар, логистикалык борборлор, кайра иштетүүчү ишканалар, ошондой эле энергетика жана туризм тармагындагы долбоорлорго мүмкүнчүлүк түзүлүүдө.
“Кыска мөөнөткө ижарага берсек, инвесторлор келбейт. Алар узак мөөнөттө иштеп, салган каражатын кайтарып, пайда табышы керек. Ошол эле учурда бизде үчүн жаңы жумуш орундар түзүлөт, жергиликтүү продукцияга суроо-талап өсөт”, – деди Касымалиев.
Ал белгилегендей, мындай кызматташтык аймактардын өнүгүшүнө жана ички дүң продукциянын өсүшүнө оң таасирин тийгизет. Мисалы, кайра иштетүүчү ишканалар жергиликтүү калктан чийки зат сатып алып, экспортко багытталган продукция өндүрүүгө шарт түзөт.
Ошондой эле өкмөт үчүн негизги талап – ишканаларда негизинен Кыргызстандын жарандары иштеши керек. Чет өлкөлүк адистер негизинен курулуш жана технологиялык процесстерди ишке киргизүү үчүн гана убактылуу тартылат.