Кыргызстанда жеке менчик мектептерге лицензия берүү толук санариптештирилди

Санарип Кыргызстан Загрузка... 09 Декабрь 2025 13:03
WhatsApp Image 2025-12-09 at 12.33.09.jpeg
copyright icon Кабар Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 09.12.25 /Кабар/. Өлкөдө жеке менчик мектептерге лицензия берүү толугу менен санариптештирилди. Бул тууралуу “Түндүк” ачык акционердик коомунун Санарип билим берүү департаментинин директору Бектурган Бабаев бүгүн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, министрлер кабинетинин токтомунун негизинде мектеп лицензияга тиешелүү документтерди берип жатканда абдан так жана мыйзамдуу анык документтерди берүүгө милдеттүү.

“Бизге лицензия берүүдө бардык процесс санариптештирилсин деген тапшырма коюлган. Тапшырма аткарылды. Эми жеке менчик мектеп ачууга ниеттенген жарандар https://license.edu.gov.kg порталы аркылуу кирип, керектүү документтерди электрондук түрдө тапшыра алышат, лицензиялоо онлайн форматта жүргүзүлөт. Документтердин баары тиркелген”,-деди ал.