Кыргызстанда жаңы заманбап парктар курулуп, оюн-зоок индустриясы өнүгүү жолуна түштү

Коом Загрузка... 06 Август 2025 18:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Кыргызстандын ар кайсы аймактарында жаңы парктарды куруу, иштеп жаткандарын реконструкциялоо, эс алуу жана туризм тармагына инвестиция тартуу боюнча ири долбоорлор ишке ашырылууда. Тармак динамикалык өсүү жана кайра куруу мезгилин башынан өткөрүүдө.

Бүгүнкү күндө өлкөдө үч чоң оюн-зоок паркы иштейт. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев билдирди.

Анын айтымында, 2025-жылдын 1-июнунда Бишкек шаарында алгачкы "Sky Park Baytik" сейил багы салтанаттуу түрдө ачылган. Экинчиси "Евразия" сейил багы анын курулушу Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) 10 жылдыгына карата жүргүзүлгөн. Ал эми үчүнчүсү – Бишкек шаарынын 125 жылдыгы атындагы парк.

WhatsApp_Image_XJx1zos.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

“Бул үч сейил бактын ачылышы 2025-жылга пландаштырылган. Бирок, жакынкы жылдары инвестициянын көлөмүнө жараша республика боюнча жаңы парктарды куруу пландалууда. Учурда эс алуу жайларын реконструкциялоо боюнча да иштер жүрүп жатат. Тактап айтканда, Талас шаарынын борбордук сейил багы жана Чолпон-Ата шаарындагы Алыкул Осмонов атындагы сейил багы оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат”, - деди Орунтаев.

Министр бардык объектилердин курулушу министрликтин катуу көзөмөлүндө жүрүп жатканын баса белгиледи. Ар бир долбоор экспертизадан, бекитүүдөн жана техникалык коопсуздук текшерүүсүнөн өтүшү керек. Андан кийин гана тиешелүү тапшырмалар берилет.

“Евразия” - өлкөдөгү эң чоң аттракцион паркы

Орок айылындагы 10 гектар аянтка жайгашкан “Евразия” паркынын курулуш иштери кызуу уланууда. Долбоор “Евразия” автономдук коммерциялык эмес уюмунун жеке каражатынын эсебинен ишке ашырылып жатат жана өлкөдөгү эң ири долбоор болорун убада кылууда.

"Евразия" паркы департаментинин директору Каныбек Жумамбаевдин айтымында, сейил бакка кирүү акысыз болот. Коноктордун ыңгайлуулугу үчүн мобилдик тиркеме жана сайт аркылуу билет сатып алуу мүмкүнчүлүгү киргизилет.

IMG_6993_B7yM1_eIHdGvj.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Парктын ичинде төмөнкүлөр камтылат:

  • 30дан ашык заманбап аттракциондор (негизинен Италияда жасалган);
  • интерактивдүү динопарк;
  • балдар үчүн лабиринт аянтчасы;
  • көргөзмө павильондору;
  • концерттер жана иш-чаралар үчүн сахна,
  • аянты 648 чарчы метр болгон кичи спорт аянтчасы;
  • тамак-аш зоналары, жарманкелер жана көргөзмө залы катары кооздолгон кыргыз боз үйү.

Белгилей кетсек, сейил бакты ушул жылдын жай мезгилинин аягында ачуу пландалууда. 300дөн ашык жумушчу орун менен камсыз болушу күтүлүүдө.

Токмокто биринчи эл аралык тематикалык парк курулат

Кыргызстандагы биринчи эл аралык деңгээлдеги тематикалык паркты Чүй облусунун Токмок шаарында куруу пландалууда. Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду менен район жетекчилиги АКШ, БАЭ, Кытай жана Түштүк Кореяда тематикалык парктарды өнүктүргөн америкалык IdeAttack, Inc компаниясы менен кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Болочок парк үчүн 50 гектар жер тилкеси буга чейин бөлүнгөн.

527780649_18015232886754127_498158219947049292_afaWlOP.width-800.jpg

Долбоор төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Борбор Азиянын фэнтези стилиндеги архитектура;
  • “Манас” эпосу боюнча аттракциондор;
  • Улуу Жибек жолуна арналган тематикалык зоналар;
  • музыка жана театралдаштырылган көрсөтүүлөр менен шоу программалары;
  • боз үй, кийиз жасоо, ат минүү жана улуттук тамак-аш даярдоо боюнча мастер-класстар.

Белгилей кетсек, бул Борбор Азиядагы биринчи IdeAttack долбоору. Адистердин айтымында, бул Кыргызстандын туристтик имиджин эл аралык аренада бекемдейт.

"Sky Park Baytik" конокторду кубантып жатат

Быйыл балдарды коргоо күнүндө ачылган Бишкектеги "Sky Park Baytik" жаңы аттракциондук паркы келгендерди тосуп алууда. Аянты 4,5 гектарды түзгөн паркта балдар жана чоңдор үчүн 17 аттракцион, балдар аквапаркы, VR- зонасы, батут аянты, 10 жашка чейинки балдар үчүн аянт, ыңгайлуу эс алуу зоналары, санитардык түйүндөр жана фуд-корддор бар.

IMG_5173.max-2.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Долбоорго 1 миллиард сомго жакын жеке инвестиция тартылып, 200 жумушчу орун түзүлдү. Келечекте паркта амфитеатр, музей жана көргөзмө жайлары, ошондой эле сырттагы иш-чараларды өткөрүү үчүн сахналар болот.

Мындан сырткары, 2024-жылы Талас шаарында сегиз жаңы аттракциондун курулушу башталган. Кытайлык инвесторлор менен келишимге президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев 2024-жылдын 12-июлунда кол койгон.

450877423_8842.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp