Кыргызстанда жаңы банк пайда болот

Экономика Загрузка... 14 Октябрь 2025 11:15
bankk-large-webp.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 14.10.25. /Кабар/. Улуттук банк "Берекет Банк" ЖАКка жаңы каржы мекемесин түзүүгө уруксат берди. Тиешелүү чечимди жөнгө салуучу кеңеш 2025-жылдын 10-октябрында кабыл алганын Улуттук банк билдирди.

Бул акыркы айларда жөнгө салуучу орган тарабынан банк ачууга берилген төртүнчү уруксат.

2025-жылдын августунда «Алма Финанс Банк» ЖАК, «Мурас Банк» ЖАК жана «Асман Банк» ЖАК лицензиялары берилген.

Мындан тышкары, сентябрда Улуттук банк «Кылым Банк» ААКсын түзүүгө уруксат берген.

Бул банкты түзүү тууралуу чечим буга чейин, 2025-жылдын январь айында, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети тарабынан кабыл алынган. Ал 100% мамлекеттик үлүш менен түзүлүп, уставдык капиталы 1 миллиард сомду түзөт.