Кыргызстанда Жашыл технологиялар паркын түзүү демилгеси көтөрүлдү

Экономика Загрузка... 23 Апрель 2025 17:20
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Бишкек, 23.04.25. /Кабар/. Кыргызстанда Жашыл технологиялар паркын түзүү демилгесин көтөрдү. Мындай демилге 21-25-апрелде өтүп жаткан "Жашыл жума" иш-чарасында экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов тарабынан айтылды.

Ведомстводон маалымдашкандай, ал министрликтин жашыл экономика жаатындагы учурдагы демилгелерин сунуштап, алардын арасында Кыргызстанда Жашыл технологиялар паркын түзүү боюнча долбоорду иштеп чыгуу өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи. Бул парк — экологиялык жактан таза чечимдерди сыноо жана киргизүү үчүн улуттук деңгээлдеги эксперименталдык аянт катары каралууда.

Демилге төмөнкү документтердин максаттарына толук ылайык келет:

  • "Жашыл мурас" улуттук программасы (КР президентинин жарлыгы) — экосистемаларды сактоо, климаттын өзгөрүшүнө ылайыкташуу жана жашыл технологияларды өнүктүрүү аркылуу;
  • Кыргызстандын 2040-жылга чейинки Улуттук өнүгүү стратегиясы — туруктуу экономикалык өсүштү, технологиялык прогрессти жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу аркылуу.

"Жашыл технологиялар паркын түзүү демилгеси Кыргызстан үчүн туруктуу өнүгүүнү илгерилетүүдө, эл аралык климаттык милдеттенмелерди аткарууда жана жашыл технологиялар тармагында инвестициялык жагымдуулукту жогорулатууда маанилүү кадам катары каралууда", - деди ал.

Белгиленгендей, "Жашыл жума" иш-чарасы Ала-Тоо Эл аралык университетинин демилгеси менен, Борбор Азиядагы Америкалык университет жана "Кыргызстандын Жашыл Альянсы" коомдук бирикмеси менен өнөктөштүктө өткөрүлүүдө.

Бул иш-чара жашыл экономиканы өнүктүрүү, климаттын өзгөрүшүнө адаптация жана экологиялык маданиятты калыптандыруу боюнча аракеттердин алкагында уюштурулган. "Жашыл жума" — бул илим, бизнес, мамлекеттик органдар жана жарандык коом өкүлдөрү үчүн ачык диалог жүргүзүүгө багытталган платформа.

Иш-чаранын алкагында туруктуу өнүгүү жана климаттык туруктуулук темалары боюнча талкуулар, презентациялар, көргөзмөлөр жана билим берүү сессиялары өтүшү пландалган.