Кыргызстанда жашоо минимуму 8 253 сомду түздү

Экономика Загрузка... 25 Апрель 2025 15:52
ChatGPT_Image_25_ap.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 25.04.25. /Кабар/. Кыргызстанда жылдын биринчи жарымында жашоо минимумунун орточо көлөмү жан башына 8 миң 253 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында айтылат.

Бул өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчкө салыштырмалуу 6,2%га өскөн.

2024-жылдын биринчи жарымында жашоо минимуму 7 миң 769 сомду түзгөн.

Ар түрдүү социалдык топтор үчүн жашоо минимуму төмөндөгүдөй белгиленди:

  • эмгекке жөндөмдүүлөр үчүн — 9 217,41 сом;
  • пенсионеролер үчүн — 7 282,41 сом;
  • балдар үчүн — 7 042,41 сом.