Жашаган жери боюнча кантип онлайн каттоого туруу керек? Жол-жобосу

Коом 24 июль 2026 18:00
Жашаган жери боюнча кантип онлайн каттоого туруу керек? Жол-жобосу
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 24.07.26 /Кабар/. Жашаган жери боюнча каттоодон өтүү үчүн эми Калкты тейлөө борборуна баруунун кажети жок. Эми аны “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу аралыктан жүргүзө боло тургандыгын “Кызмат” мамлекеттик мекемеси билдирди.

Онлайн-сервис турак жай ээлерине үйдөн чыкпай эле өзүн, балдарын же башка жарандарды жашаган жери боюнча каттоого мүмкүнчүлүк берет.

Каттоону тариздөө үчүн турак жай ээси төмөнкү кадамдарды аткарышы керек:

  • Турак жайды тандоо;
  • Өзүнүн же баласынын жеке идентификациялык номерин көрсөтүү;
  • Онлайн идентификациядан өтүү;
  • Электрондук кол тамга аркылуу арызга кол коюу.

Жашаган жери боюнча каттоого турган жарандар үчүн:

  • Келүү максатын тандоо;
  • Онлайн идентификациядан өтүү;
  • Электрондук кол тамга аркылуу арызга кол коюу.

“Кызмат” мамлекеттик мекемесинен белгилешкендей, бул сервис каттоодон кезексиз жана Калкты тейлөө борборуна барбастан, каалаган ыңгайлуу убакта өтүүгө мүмкүнчүлүк берет.