Бишкек, 08.07.26. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү жумуш ордундагы зомбулукка жана дискриминацияга каршы багытталган эки күндүк семинарга катышты.
Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чара кесиптик бирликтердин потенциалын өнүктүрүүгө жана татыктуу эмгек шарттарын түзүүгө арналды.
Катышуучулар Эл аралык эмгек уюмунун (ЭЭУ) "Эмгек чөйрөсүндөгү зомбулукту жана ыдык көрсөтүүлөрдү жоюу жөнүндө" конвенциясын ишке ашыруу механизмдерин талкуулашты.
Учурда Эмгек министрлиги тарабынан аталган конвенциянын ченемдерин Кыргызстандын улуттук мыйзамдарына киргизүү (имплементациялоо) боюнча активдүү иштер жүрүп жатат.
"Анын максаты коопсуз, кордуксуз жана зомбулуктан эркин эмгек чөйрөсүн калыптандырууда кесиптик бирликтердин ролун жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу болуп саналат. Бул демилге өлкөдөгү ар бир жарандын жумуш ордунда укуктарынын корголушун жана коопсуз эмгек шарттары менен камсыз болушун шарттайт", - деп айтылат маалыматта.