Кыргызстанда Өзбекстандын алдыңкы ЖОЖдорунун филиалын ачуу маселеси талкууланды

Билим 2701 11 Февраль 2025 16:35
476774792_1050601737113570_6296082144829623500_n.jpg
476464828_1050601720446905_5708903784164961712_n.jpg
476724041_1050601700446907_1543417231360059325_n.jpg
Алдыга
Артка
476774792_1050601737113570_6296082144829623500_n.jpg
476464828_1050601720446905_5708903784164961712_n.jpg
476724041_1050601700446907_1543417231360059325_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 11.02.25. /Кабар/. Бүгүн билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Саидикрам Ниязходжаев менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө суу ресурстары, климаттын өзгөрүшү жана экология тармагындагы илимий изилдөөлөргө өзгөчө басым жасоо менен билим берүү жана илим чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө байланышкан маселелер талкууланды.

Мындан тышкары, тараптар Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу сыяктуу ири инфраструктуралык долбоорлор үчүн квалификациялуу кадрларды даярдоонун маанилүүлүгүн, ошондой эле экология, агрокультура жана айыл чарба жаатындагы билим берүү программаларын өнүктүрүүгө байланышкан маселелерди талкуулашты.

Ошондой эле жолугушууда жогорку окуу жайларындагы дипломдорду жана илимий даражаларды өз ара таануу жөнүндө макулдашууга кол коюу мүмкүнчүлүгү каралды.

Тараптар Кыргызстандын аймагында Өзбекстандын алдыңкы жогорку окуу жайларынын филиалдарын ачуу, эки өлкөнүн билим берүү системаларынын ортосунда тажрыйба алмашуу, ректорлордун форумун уюштуруу, билим берүү процесстерин санариптештирүү, ошондой эле студенттер үчүн виза алууда жана жашаган жери боюнча каттоодо көмөктөшүү жөнүндө сөз кылышты.

Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы билим берүү жана илим жаатындагы байланыштарды андан ары өнүктүрүү үчүн эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөнү улантуу ниеттерин билдиришти.