Бишкек, 05.02.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Чолпон Эсенаманова Кара-Балта шаарынын тургундарынын ыш боюнча арыз-муңун айтты.
Ал Кара-Балта шаарындагы Жылуулук электр борбору, таштанды полигону, "Жжунда" мунай иштетүүчү заводу, "Азия Сталь" жана "Текстиль" ишканалары абаны булгап жатканын, буга байланыштуу балдар көп ооруп жатканын белгиледи.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев учурда "Азия Сталь" ишканасынын иши мыйзам бузуулар жоюлганга чейин токтотулганын билдирди.
"Майда көмүрдү алып келүүгө жана колдонууга тыюу салуу боюнча министрлер кабинетинин токтому кабыл алынды. Президенттин колдоосу менен анын фондунан көмүр байытуучу фабрикаларды курууга 2 млн доллар бөлүндү", - деди ал.
Депутат Кара-Балта жана Кайыңды шаарларында канча үй газга кошулганына, ошондой эле Жайыл, Панфилов жана Талас райондору качан газдаштырыла турганына кызыкты.
"Газпром Кыргызстан" ЖЧКсынын өкүлү Азамат Алдаяров газдаштыруунун башкы схемасынын алкагында Полтавка айылында иштер башталганын, Кара-Балтанын жогорку аймагы али газдаштырыла электигин жана бул иштер 2030-жылга чейинки планга киргизилгенин айтты.
"Газ бөлүштүрүүчү станциянын кубаттуулугу боюнча маселе бар. Бул маселени чечүү үчүн 2 млрд сом керек", - деди ал.