Кыргызстанда виртуалдык активдердин жүгүртүүсү 860 млрд сомго жетти

Экономика Загрузка... 24 Октябрь 2025 12:51
1.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 24.10.25. /Кабар/. Кыргызстанда жылдын биринчи жарымында виртуалдык активдердин жүгүртүүсү 860 млрд сомго жетти. Бул тууралуу президентке караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгынын жетекчиси Фархат Иминов билдирди.

Анын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө өлкөдө виртуалдык активдер рыногунун 200гө жакын лицензияланган катышуучусу бар.

"Акыркы үч жылда криптовалюта операторлорунун рыногу 28 эсеге өстү. Соода жана майнингдин саны өсүүдө. Эгер 2022-жылы виртуалдык активдердин көлөмү 5 млрд сомду түзгөн болсо, 2024-жылы 587 млрд сомго жетти", - деп билдирди ал.