Кыргызстанда ветеринарлардын штатын көбөйтүп, айлыктарын жогорулатуу сунушталды

Коом Загрузка... 06 Март 2025 11:11
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 06.03.25. /Кабар/. Кыргызстанда ветеринарлардын штатын көбөйтүп, айлыктарын жогорулатыш керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөдө боор ооруларына чалдыккандар өстү. Мындан улам ветеринарлардын санын көбөйтүп, көзөмөл жүргүзүүнү күчөтүү зарыл.

“Кыргызстан боор оорусу жана башка оорулар боюнча Борбор Азияда алдынкы сапка чыкты. Депутаттарга жарандардын көбү боорун, бөйрөгүн алмаштырам деп кайрылышат. Алар Түркия, Индияда операция болом деп акча сурашат. Себеби эмнеде? Биринчиден суу, экинчиден мал сойгондо оорулуу малбы, мунун баары суроо жаратат. Ушул маселе боюнча өкмөт Ветеринардык кызматка айылдарга чейин штат ачып беришибиз керек. Азыр алар болор-болбос айлык алышат. Ошолордун айлыктарын көтөрүп, тескерисинче Ветеринардык кызматка чоң колдоо көрсөтүшүбүз керек. Ушул тармакка көңүл бурушубуз зарыл. Ишин таштап кетип калган ветеринарлар көп. Биз штаттарды ачууну Жогорку Кеңеш колдоп бериши керек”, - деди эл өкүлү.