Кыргызстанда венчурдук каржылоо жөнүндө мыйзам иштелип чыкты

Экономика Загрузка... 15 Декабрь 2025 16:58
2.webp
copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 15.12.25. /Кабар/. Инвестор алгачкы кайрылуудан тартып инвестициялык долбоорду толук ишке ашырганга чейин түшүнүктүү процесстерди, чечим кабыл алуунун ачык-айкын тутумун жана натыйжалуу колдоо алышы керек. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшан Сабиров "Инвестициялык вектор: мамлекет жана бизнес" форумунда билдирди.

Анын айтымында, жакын арада "Венчурдук каржылоо жөнүндө" мыйзам долбоору кароого сунушталат.

"Бул мыйзамдын максаты – инновациялык долбоорлорду жана технологиялык стартаптарды өнүктүрүүгө жол ачуу, венчурдук фонддордун жана корпоративдик инвесторлордун иши үчүн шарттарды түзүү. Бул жөн гана ченемдик базаны жаңыртуу эмес, инвестордун түшүнүктүү жана кепилденген укуктарын, инвестициялык кепилдиктерди коргоону, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдеринин кеңири топтомун жана бүтүмдөрдү түзүмдөштүрүүнүн ийкемдүү инструменттерин караган жаңы моделге өтүү", — деп белгиледи ал.