Бишкек, 04.08.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасындагы геологиялык парктар жөнүндө" мыйзамга кол койду.
Мыйзам 2026-жылдын 24-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзам геологиялык парктардын (геопарктардын) улуттук тармагын түзүү үчүн өз алдынча укуктук базаны түзүү, уникалдуу геологиялык объекттердин сакталышын камсыз кылуу жана туруктуу туризм аркылуу региондорду өнүктүрүүгө дем берүү максатында кабыл алынган.
Мыйзам Кыргызстанда геологиялык парктарды (геопарктарды) түзүүнүн жана алардын иштөөсүнүн укуктук негиздерин аныктайт, ошондой эле геологиялык парктардын (геопарктардын) аймактарын коргоонун жана пайдалануунун режимин белгилейт.
Мыйзамда геологиялык парктарды (геопарктарды) түзүүнүн, иштөөсүнүн, чек араларын өзгөртүүнүн жана жоюунун тартибин, ошондой эле геопарктарды уюштуруу жана иштөө эрежелерин караган типтүү жобону бекитүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктары каралган.
Ошону менен бирге мыйзамда геологиялык парктарды (геопарктарды) түзүү жөнүндө сунуш геологиялык парктын (геопарктын) аймактарында жайгашкан геологиялык объекттердин уникалдуулугунун тиешелүү илимий негиздемесинин негизинде мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, илимий уюмдардан же коомдук бирикмелерден келип чыгышы мүмкүн экендиги каралган.