Бишкек, 12.08.26. /Кабар/. Кыргызстанда жакынкы айларда BARS улуттук бренди астында электромобилдери чыга баштайт.
Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, долбоорду ишке ашыруунун даярдыгы учурда 75 пайызга жетип, заводду 2026-жылдын III кварталында пайдаланууга берүү пландалууда.
Жаңы өндүрүш ички рынокту экологиялык жактан таза транспорт менен камсыз кылууга жана экспорттук потенциалды жогорулатууга багытталган.
Негизги көрсөткүчтөр:
- Жылына 10 миңге чейин электромобиль
- 100 адам жумуш оруну менен камсыз болот.
- Ички керектөө жана сырткы экспортко чыгарылат.
“Өндүрүш ишканасынын ишке кириши өлкөнүн автоөнөр жай тармагын өнүктүрүүдө жана ”жашыл“ экономиканы чыңдоодо маанилүү кадам болот”,-деп айтылат маалыматта.