Кыргызстанда тышкы соода жүгүртүү 8,3 пайызга төмөндөдү

Экономика Загрузка... 17 Ноябрь 2025 13:10
2a62bcbc-4a71-4638-9e1d-4627d8218739.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 17.11.25. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2025-жылдын январь-сентябрында  11 269,8 млн долларды түздү.

Улуттук статистикалык комитеттен билдиришкендей, бул 2024-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 8,3 пайызга төмөн. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 25,7 пайызга, ал эми импорттук келип түшүүлөр 3 пайызгы төмөндөдү.

2025-жылдын январь-сентябрында ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 3 845,8 млн долларын түздү. Бул 2024-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 5,3 пайызга төмөндөдү. Бул мезгилде республиканын өз ара соодасынын эң көп үлүшү Россияга (65,8 пайыз) жана Казакстанга (31,8 пайыз) туура келди. 

Безымянный