Бишкек, 21.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров алдыдагы беш жылдыкка карата стратегиялык милдеттер талкууланган республикалык кеңешмеде өлкөдө туризмди жыл бою иштеген тармакка айландыруу зарылдыгын белгиледи.
Мамлекет башчысынын айтымында, бул үчүн сапаттуу тейлөө, заманбап инфраструктура жана туристтердин коопсуздугу камсыздалышы керек. Учурда бул багытта "Ала-Тоо Резорт", "Чаткал Резорт" жана "Байтик Резорт" долбоорлору ишке ашырылууда.
"Ошондой эле Бишкек, Ош жана Манас шаарларында, Ысык-Көлдүн жээгинде эл аралык иш-чараларды өткөрүү бизнес-туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт", - деди өлкө башчысы.
Президент ишкерликти жаңы баштагандарга тоолуу аймактарда чакан бизнести өнүктүрүүнү сунуштады. Анын ичинде сапаттуу кызмат көрсөтүүгө, улуттук ашканага, ат менен сейилдөөгө жана тоо экскурсияларын уюштурууга басым жасоо зарылдыгын белгиледи.