Кыргызстанда турак жайын камсыздандыргандардын саны 22%дан ашты

Коом Загрузка... 17 Апрель 2025 16:41
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 17.04.25 /Кабар/. Камсыздандыруу - мүлктү калыбына келтирүүнүн жана жарандардын каржылык кызыкчылыктарын коргоонун маанилүү куралына айланды десек болот. Бул акыркы убактарда өрт, табигый кырсыктар жана транспорт кырсыктары көп катталып жаткан Кыргызстан үчүн да өтө актуалдуу экендиги талашсыз. Мындан улам, алдыда турак-жайларды камсыздандыруу жөнүндө сөз кылабыз.

Камсыздандыруу дегенде биз үй, унаа, бизнес сыяктуу кайсы бир мүлкүбүз зыянга учураган кезде аны калыбына келтирүүчү каржылык инструмент деп түшүнөбүз. Буга ылайык, камсыздандыруу компаниялары менен жеке же юридикалык жактардын ортосунда келишим түзүлөт. Камсыздандыруу полисин алган тарап компанияга келишимде белгиленген каражатты төлөп турат. Учуру келгенде компания ага чыгымдарын төлөп берет.

Ошондой эле, кыймылсыз мүлктү камсыздандыруунун эң төмөнкү баасы аймактарда 600 сом болсо, шаар жеринде 1200 сом. Компания тарабынан төлөнүп берилүүчү каражат аймактарда 500 миң, ал эми шаарларда 1 млн сом. Кардар өзүнүн каалоосуна жараша сумманы жогорулатып алса да болот. Буга карата ортодо эки тараптуу келишим түзүлөт.

Өлкөдө камсыздандыруунун милдеттүү жана ыктыярдуу түрү бар. Учурда 16 камсыздандыруу мекемеси иш алып барат. Алардын бирөө мамлекеттик. Калгандары жеке менчик. Бул мекемелердин финансылык туруктуулугунун жана ишенимдүүлүгүнүн кепилдиги аларга берилген лицензия деп айтылат.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюумунун билдирүүсү боюнча өлкөдө каттоодо турган 1 млн 200 миңден ашуун турак жай бар. Учурда алардын 22%дан жогорусу камсыздандырылды.

Уюмдун маалымат кызматынын адиси Анжелика Акылбекова турак жайларды камсыздандыруу ишине элдин көз карашы өзгөрүп, камсыздандыруучулардын саны жыл сайын өсүп жатканын, буга өлкөдө көп катталып жаткан ар кандай кырсыктар да себеп болууда дейт.

“Мындан сырткары, камсыздандыруу тууралуу калктын маалымдуулугун жогорулатуу иштери жүргүзүлүп жатат. Камсыздандыруу төлөмүн дагы да жеңилдетүү максатында буга чейин ал Мбанк тиркемесине киргизилсе, алдыда Tunduk тиркемесине да киргизилгени жатат” – дейт адис.

2015-жылдын 31-июлунда кабыл алынган №209 “Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндөгү” мыйзамы 2016-жылдын 11-февралында күчүнө кирген. Мунун негизинде өрт жана жер титирөө, суу ташкыны, сел, катуу шамал, жер көчкү, кар көчкү, кыйроо, таш кулоо, катуу жааган кар, бороон, мөндүр, чагылган сыяктуу табигый кырсыктар болгон учурда жабыркаган турак-жай, социалдык объектилер калыбына келтирилет.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун билдирүүсү боюнча мында турак жай, ага кошо үйдүн конструкциялык элементтери, инженердик жабдуулары жана жасалгалоо элементтери калыбына келтирилет.

Конструкциялык элементтерге - чатыр, дубалдар, пайдубал, терезелер, эшиктер, бөлүмдөр жана жабдуулар кирет.

Инженердик жабдууларга - жылытуу тутумдары, суу тутумдары, канализация тутуму, газ менен камсыздоо тутумдары, камсыздандырылуучуга таандык эмес (жалпыга белгилүү) системалардан тышкаркысы кирет.

Аяктоо элементтери:

1) “Ички жасалгалоо элементтери» - ички шыбак, сырдоо жана жасалгалоо иштеринин бардык түрлөрү, анын ичинде штукатурка иштери; дубалдарды жана шыптарды жыгач менен, пластик ж.б. материалдар менен жасалгалоо; аларды туш кагаз менен жабуу, полду жана шыпты жабуу (анын ичинде паркет, линолеум ж. б.).

2) “Тышкы жасалгалоо элементтери» - шыбоо жана сырдоо иштеринин бардык түрлөрү, жыгач менен каптоо (вагонка, өрүм ж.б.), кыш, декоративдик таш жана башка материалдар менен каптоо, кампалар, карниздер, жапкычтар, торчолор, тепкичтер, тосмолор, камсыздандырылган жайдын сыртынан турган декоративдик элементтерди камтыйт.

Ал эми авариялык абалда болгон, бузула турган, курулушка багыты өзгөртүлүүчү турак жайларда (курулуштарда) жайгашкан, милдеттенмелер боюнча өндүрүп алуу чегерилген, жер тилкесинин алып коюлушуна байланыштуу менчиктен ажыратылуучу үйлөрдө (курулуштарда) жайгашкан, техникалык талаптарды бузуу менен курулган, конфискацияланууга тийиштүү объектилер камсыздандырылбайт.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму 2025-жылдын биринчи кварталы боюнча ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын чыгарып, 1-январдан 11-апрелге чейин жабыркаган жарандар жалпы суммасы 19 млн 21 миң 818 сом болгон камсыздандыруу төлөмдөрүн алышканын билдирди. Өрт кырсыгынан 46 үй-бүлө 7 млн 484 миң 170 сом камсыздандыруу төлөмдөрүн алып, үйлөрүн калыбына келтирген.