Кышка камылга: Сүлүктүдөгү жыйында негизги үч маселе көтөрүлдү

Аймак 16 сентябрь 2026 17:15
800231277_1622986175861498_1908817024803187865_n.jpg
799948472_1622986722528110_6286095310390179485_n.jpg
797273663_1622986672528115_6710571921394063177_n.jpg
800421889_1622986492528133_7834948905801896137_n.jpg
807284878_1622986305861485_3323900542147027268_n.jpg
Алдыга
Артка
800231277_1622986175861498_1908817024803187865_n.jpg
799948472_1622986722528110_6286095310390179485_n.jpg
797273663_1622986672528115_6710571921394063177_n.jpg
800421889_1622986492528133_7834948905801896137_n.jpg
807284878_1622986305861485_3323900542147027268_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 16.09.26. /Кабар/. Баткен облусунун Сүлүктү шаарында облус жетекчиси Мамыржан Рахимовдун жетекчилиги менен облус аймагындагы актуалдуу маселелерди талкуулаган жыйын өттү.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, анда үч негизги маселе каралды. Алардын ичинде Баткен облусунун 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдыгы, эл менен жолугушууларда айтылган сын-сунуштардын аткарылышы жана турак жайларды камсыздандыруу маселеси болду.

Алгач күз-кыш мезгилине даярдык маселесинин алкагында калкты көмүр менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер каралды. Облус башчысы жетекчилерге көмүр казуучу ишканалар менен калкты көмүр менен камсыздоо боюнча келишимдерди тез арада түзүп, жеткирүүнүн так графигин иштеп чыгууну тапшырды.

Ошондой эле көмүр өндүрүүчү ишканалар тарабынан ноябрь айына чейин бекитилген графиктин негизинде ички рынокту көмүр менен камсыз кылуу, андан кийин экспорт маселесин кароо боюнча сунуш айтылды.

Жыйында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын өкүлү көмүрдүн белгиленген баалары жана калк үчүн көмүрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча маалымат берди. Маалыматка ылайык, көмүрдүн БР түрү облус аймагында 6 700 сомдон 9 200 сомго чейин сатылууга тийиш.

Жыйында турак жайларды, унаа каражаттарын жана ишканаларды камсыздандыруу маселеси да каралды. Облус жетекчиси камсыздандыруу деңгээлин 70 пайызга жеткирүү керектигин белгиледи.

Облус жетекчиси калк тарабынан көтөрүлгөн маселелерди жеринде чечүүгө мүмкүнчүлүк болсо, аларды создуктурбай чечип, жарандар менен тыгыз иш алып баруу зарылдыгын белгиледи. Тиешелүү жетекчилерге берилген тапшырмаларды өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткаруу, ошондой эле эл менен түз байланышта иш алып баруу боюнча бир катар милдеттер коюлду.