Бишкек, 12.01.26. /Кабар/. Кыргызстанда үй-бүлөлөрдүн турак жай сатып алуу үчүн каражат топтоого кеткен убактысы кыскарды. Бул тууралуу Улуттук банктын 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча жарыяланган отчетунда белгиленди.
Маалыматка ылайык, турак жайдын жеткиликтүүлүк индекси өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу жакшырган. Атап айтканда, 2024-жылы орточо статистикалык үй-бүлөгө батир сатып алуу үчүн 8,1 жыл талап кылынса, 2025-жылдын 30-июнуна карата бул көрсөткүч 7,5 жылга чейин кыскарган.
Бул көрсөткүчтүн жакшырганына номиналдык эмгек акынын өсүшү турак жай баасынын жогорулашынан ашкандыгы себеп болгон. Акыркы бир жылда эмгек акы 19%га өскөн, ал эми турак жайдын баасы 14,7%га жогорулаган.
Эсептөөлөргө ылайык, үч адамдан турган, эки адам иштеген үй-бүлө 54 чарчы метрлик батир сатып алуу үчүн орточо айлык кирешеден 42 020 сомдон чогултса болот. Бул учурда минималдуу керектөө бюджети 26 309,8 сомду түзүп, жалпы кирешенин 31,3%ына туура келет.
Улуттук банк белгилегендей, учурдагы динамика сакталса, турак жай сатып алуу үчүн каражат топтоо орточо эсеп менен 7,5 жылды талап кылат. Бул калк үчүн кыймылсыз мүлктүн жеткиликтүүлүгү жогорулап жатканын көрсөтөт.