Кыргызстанда тоолук аралыктагы спорттук туризм боюнча дүйнө кубогу өтөт

Спорт Загрузка... 22 Октябрь 2025 16:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 21.10.25 /Кабар/. Кыргызстанда тарыхта алгач ирет тоолук аралыктагы спорттук туризм боюнча дүйнө кубогу өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Спорт туризми федерациясынын президенти Владимир Агафонов билдирди.

Анын айтымында, бул – дүйнө жүзүндөгү эң күчтүү спортчу-туристтерди чогулткан абройлуу эл аралык иш-чара. Ал 10–16-ноябрда өтүп, катышуучулар Теңир-Тоонун катаал тоолуу шарттарында биринчилик үчүн ат салышат.

Маалыматка караганда, иш-чара Ош шаарынын айланасында, Керме-Тоо тоосунун аскалуу кыркасында өтөт. Ал жерде атайын даярдалган тоолук аралык түзүлүп, катышуучулар тоо туризми жана альпинизм техникасын эң жогорку деңгээлде көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

“Бул – Кыргызстандагы спорттук туризм үчүн тарыхый окуя болуп саналат. Дүйнө кубогунун өлкөнүн түштүк аймагында өтүшү бул спорттун өнүгүшүндө жаңы барак ачып, дүйнөгө биздин тоолордун жана спортчуларыбыздын мүмкүнчүлүгүн көрсөтөт”,-деп белгиледи спорттук туризм федерациясынын Ош шаарындагы өкүлү Мекен Маматкулов.

Иш-чара тууралуу

Тоо аралык спорттук туризм боюнча дүйнө кубогу – бул эл аралык мелдеш болуп, анда ар кайсы өлкөлөрдүн эң күчтүү командалары альпинисттик техниканы колдонуп, табигый аскалуу рельефте атайын даярдалган маршрутту басып өтүшөт. Катышуучулар ылдамдыкты, көтөрүлүүнү, траверс жана түшүүдө атайын жабдууларды туура колдонуу, ошондой эле куткаруу ыкмаларын көрсөтүшөт. Бул мелдеште спортту, экстремалдык чеберчиликти жана командалык иш айкалышат.

Дүйнө кубогу Эл аралык спорттук туризм федерациясы тарабынан таанылган расмий мелдеш болуп саналат. Ошондой эле тоолук аралыктагы дистанциялар туризмдеги эң татаал жана эң көркөм түрлөрүнүн бири катары эсептелет.

Ага Эл аралык спорттук туризм федерациясына мүчө болгон өлкөлөрдөн 50дөн ашык спортчу катышат деп күтүлүүдө. Алардын арасында Россия, Беларусь, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана башка мамлекеттер бар.