Кыргызстанда талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүү тутуму чыңдалат

Коом Жүктөлүүдө... 07 Июль 2026 17:05
741464711_1071373888549543_7682880936801439639_n.jpg
740070546_871671062231607_8029510040660280846_n.jpg
740659534_2153781378511985_3264820210322831590_n.jpg
741627401_1955515318473910_2743884846018453229_n.jpg
Алдыга
Артка
741464711_1071373888549543_7682880936801439639_n.jpg
740070546_871671062231607_8029510040660280846_n.jpg
740659534_2153781378511985_3264820210322831590_n.jpg
741627401_1955515318473910_2743884846018453229_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку сот

Бишкек, 07.07.26. /Кабар/. Жогорку сотто талаш-тартыштарды соттон тышкары жөнгө салуу механизмдерин өнүктүрүүгө багытталган үч тараптуу меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, документке Жогорку соттун төрагасынын орун басары Шералы Камчыбеков, Медиаторлор палатасынын төрайымы Гүлсина Кожоярова жана Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору Эркинбек Токтомамбетов кол коюшту.

Иш-чаранын алкагында тараптар медиация институтун жайылтуу жана элдештирүү жол-жоболорун кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Жогорку соттун төрагасынын орун басары медиация тараптарга өз ара урматтоо негизинде убакытты жана финансылык чыгымдарды кыскартууга мүмкүнчүлүк бере турган натыйжалуу укуктук механизм экенин белгиледи.

Ошондой эле жолугушууда 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турган Жарандык процесстик кодексиндеги өзгөртүүлөргө өзгөчө көңүл бурулду. Жаңы мыйзамдык нормалар медиация институтун мындан ары өнүктүрүүгө багытталган.

Меморандумду ишке ашыруу талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүүнүн натыйжалуу системасын калыптандырууга жана сот адилеттигине болгон коомдук ишенимди арттырууга өбөлгө түзөрү айтылды.