Бишкек, 20.08.26. /Кабар/. Кыргызстанда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) юбилейлик саммити бир нече себептен улам өзгөчө мааниге ээ. Бул тууралуу Пекиндеги "Grandview Institution" көз карандысыз аналитикалык борборунун аналитиги Артем Хан "Биринчи радионун" эфиринде айтып берди.
Анын айтымында, ШКУ коопсуздук маселелерин координациялоочу аянтча болуу менен гана чектелбестен, саясий-экономикалык биримдик катары өнүгүп жатат.
"Геосаясий процесстердин жүрүшү ШКУ сыяктуу аянтчалардын актуалдуулугун жогорулатууда. Кургактыктагы жана транспорттук-логистикалык байланыштардын мааниси барган сайын өсүп, инвесторлордун жана ири державалардын көңүлүн бурууда. ШКУнун алкагында дал ушул маселелер чечилип, соода-экономикалык байланыштар жаатындагы аракеттер координацияланат", - деди аналитик.
Мындан тышкары, Артем Кхан Борбор Азиянын өз алдынча геосаясий оюнчу катары позициясы бекемделип жатканын белгиледи.
"Биздин өлкөлөрдүн салмагы өстү жана биз өз кызыкчылыктарыбызды кыйла жогорку деңгээлде илгерилете алабыз. Бул саммит муну көрсөтөт деп ишенем", - деп баса белгиледи ал.