Кыргызстанда улуттук киного арналган "Сынчы" медиаплатформасы ачылды

Маданият Загрузка... 08 Май 2026 15:03
WhatsApp Image 2026-05-08 at 15.09.59.jpeg
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 08.05.26. /Кабар/. Кыргызстанда ата мекендик классикалык жана заманбап киного арналган "Сынчы" аттуу жаңы медиаплатформа ишин баштады. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, долбоор Киносынды өнүктүрүү фонду жана Киносынчылар ассоциациясы тарабынан Кинематография департаментинин колдоосу менен ишке ашырылууда.

"Сынчы" улуттук кино тууралуу туруктуу маалыматтык жана аналитикалык чөйрөнү түзүүгө багытталган. Платформада рецензия, маек, аналитикалык материал, видеоэссе жана подкасттар жарыяланып, кыргыз киносу боюнча санариптик архив калыптандырылат.

Долбоор ошондой эле киносынчылык боюнча мастер-класс, лекция жана талкууларды өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурат.

Учурда "Сынчы" социалдык тармактарда активдүү иштеп жатат (Instagram: @synchy.kg), ал эми www.synchy.kg сайты сыноо режиминде экени айтылды.

Платформанын толук кандуу ачылышы июнь айынын башына пландалууда.