Кыргызстанда сутка ичинде 18 өрт катталды

Кырсык 3 апрель 2025 12:44
Кыргызстанда сутка ичинде 18 өрт катталды

Бишкек, 03.04.25. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 18 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 20 бөлүм тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чүй облусунда 2, Ош облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 4, Бишкек шаарында 4, Баткен облусунда 2, Нарын облусунда 2 өрт катталган.

Куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болгон.