Кыргызстанда сутка ичинде 10 өрт кырсыгы катталды

Кырсык Загрузка... 11 Апрель 2025 10:49
1426091594.jpg

Бишкек, 11.04.25. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 10 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 10 бөлүм тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Ысык-Көл облусунда 4, Ош облусунда 2, Бишкек шаарында 1, Нарын облусунда 1, Талас облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1 өрт катталды.

Куткаруу кызматтары тарабынан 5 чыгуу болду.