Кыргызстанда сүт өндүрүүчү "акылдуу ферманы" ишке ашыруу сунушталды

Коом 17 сентябрь 2025 09:15
photo_5355235687789626069_y.jpg
photo_5355235687789626072_y.jpg
photo_5355235687789626068_y.jpg
photo_5355235687789626067_y.jpg
photo_5355235687789626066_y.jpg
Алдыга
Артка
photo_5355235687789626069_y.jpg
photo_5355235687789626072_y.jpg
photo_5355235687789626068_y.jpg
photo_5355235687789626067_y.jpg
photo_5355235687789626066_y.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 17.09.25. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Асел Кененбаева Түштүк Кореянын National Information Society Agency (NIA) маалымат коомунун улуттук агенттигинин өкүлдөрү менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө Корея тарапка Кыргызстандын агроөнөр жай комплексиндеги жана айыл чарбасын санариптештирүүдөгү учурдагы артыкчылыктуу багыттары тууралуу маалымат берилди.

Мындан тышкары, министрлик тарабынан процесстерди автоматташтыруу, ошондой эле Дүйнөлүк банктын колдоосу менен агротехнопарк түзүү сыяктуу санариптештирүү тармагындагы артыкчылыктуу милдеттер аныкталганы баса белгиленди.

Агенттиктин өкүлдөрү өз кезегинде Дүйнөлүк банктын колдоосу менен Кыргызстанда смарт-долбоорлорду ишке ашыруу боюнча демилгени сунушташты, атап айтканда:

  • сүт өндүрүүчү акылдуу ферманын түзүлүшү;
  • багбанчылык тармагында инновацияларды киргизүү.

Жолугушуунун жыйынтыгында акылдуу фермаларды түзүү боюнча белгиленген багыттарды мындан ары илгерилетүү үчүн жумушчу топторду түзүү чечими кабыл алынып, ошону менен бирге биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча тыгыз кызматташууга жана кийинки кадамдарга даяр экендиги билдирилди.