Бишкек, 15.10.26. /Кабар/. Акыркы жылдары Кыргызстанда сот системасын өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоолор көрсөтүлүп, судьялардын айлык акылары жогорулатылып, сот түзүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасы жакшырууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Судьялар ассоциациясынын башкармалыгынын төрагасы Алмазбек Кудайбергенов "Кабар" агенттигине билдирди.
Анын айтымында, көрсөтүлүп жаткан колдоолор сот кызматкерлеринин иштөө шарттарын жакшыртууга жана сот системасынын кадыр-баркын жогорулатууга өбөлгө түзүүдө.
"Мамлекет жетекчилиги жана өкмөт тарабынан сот системасына колдоо көрсөтүлүп, материалдык-техникалык базаны жакшыртууга, имараттарды курууга шарттар түзүлүүдө. Акырындык менен сот системасынын кадыр-баркы да көтөрүлүп келе жатат", — деди ал.
Ал белгилегендей, акыркы жылдары сот системасында мыйзамдык жана уюштуруучулук багытта да бир катар өзгөрүүлөр болду. Жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин сот тармагына тиешелүү мыйзамдар жаңыланып, талаш-тартыштарды жөнгө салуучу ченемдер өзгөртүлүүдө.
Мындан тышкары, сот иштерин кароодо санариптик технологиялар кеңири колдонулуп, кагаз түрүндөгү документтерди азайтуу жана жарандарга телефон аркылуу билдирүү жөнөтүү сыяктуу жаңы ыкмалар киргизилүүдө.
Судьялар ассоциациясынын төрагасы сот системасынын ишине коомчулук тарабынан ар кандай баа берилип келерин белгиледи. Анын айтымында, соттук талаш-тартыштарда бир тараптын чечимге нааразы болушу мүмкүн, анткени иштин жыйынтыгы бардык катышуучуларды бирдей канааттандыра бербейт.
"Сот системасынын эң негизги максаты — сотко кайрылган жарандардын талаш-тартыштарын мыйзамдын чегинде адилеттүү чечүү, адамдардын укуктарын коргоо, бузулган укуктарды калыбына келтирүү жана күнөөлүү адамдарга мыйзамда каралган жазаны берүү", — деди ал.