Дем алышта өлкө аймагында үшүк жүрүшү мүмкүн

Коом 17 апрель 2025 15:00
Дем алышта өлкө аймагында үшүк жүрүшү мүмкүн

Бишкек, 17.04.25. /Кабар/. Ушул жуманын аягында Кыргызстанда үшүк жүрүшү мүмкүн.

Кыргызгидромет кызматынан билдиришкендей, 20-апрелде түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…-2°ка чейин, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3°ка чейин үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, байлаган мөмөлөрүнө, гүлдөгөн жер жемиштерге коркунуч жаратат.