Кыргызстанда сасык тумоо менен ооругандардын саны азаюуда

Ден соолук Загрузка... 10 Февраль 2025 19:45
1029406901_0_274_3073_2002_600x0_80_0_0_3f580dcc8c7173e36120e6d1d8702376.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 10.02.25. /Кабар/. Кыргызстанда курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоо менен ооругандардын саны азаюуда.

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматына ылайык, 3-февралдан тарта 9-февралга чейин курч респиратордук вирустук инфекциянын 10407 жана сасык тумоонун 30 учуру катталып, өткөн жумага салыштырмалуу 0,9%га төмөндөдү. Катталгандардын 3,9% (407 учур) ооруканага жаткырылган.

Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча октябрь айынан бери курч респиратордук вирустук инфекциялардын циркуляциясы байкалган, алардын ичинен респиратордук синцитиалдык вирус – 28,9%, риновирус – 26,3%, аденовирус – 12,9%, I-IV парагрипп – 11,9%, башка вирустук инфекциялар 11,9%ды түзөт.

2024-жылдын декабрынын ортосунан баштап A/(H1N1(2009)) тумоосу жана В гриппинин айрым учурлары - 29,6% жана COVID-19 - 6,2% шарттаган сасык тумоо мезгили байкалууда.

Эпидемияга каршы иш-чараларды өз убагында уюштуруу жана оорунун алдын алуу максатында кышкы каникулдан кийин балдардын мектепке баруусуна мониторинг жүргүзүлүүдө.