Кыргызстанда салмак-габариттик көзөмөл системасы модернизацияланат

Коом Жүктөлүүдө... 23 Июль 2026 15:20
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 23.07.26. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Европа биримдигинин колдоосу менен Expertise France уюму биргеликте салмак-габариттик көзөмөл системасын модернизациялоо боюнча техникалык жардам долбоорун баштады.

Министрликтен билдиришкендей, долбоордун алкагында учурдагы көзөмөл системасына талдоо жүргүзүлүп, аны автоматташтыруу жана санариптештирүү боюнча сунуштар иштелип чыгат.

Мындан тышкары, ченемдик-укуктук база жаңыланып, системаны модернизациялоонун техникалык талаптары жана Жол картасы даярдалат.

Белгиленгендей, демилге унаа жолдорунун сакталышын камсыздоого, оор жүк ташуучу унааларга көзөмөлдү күчөтүүгө жана транспорт тармагын санариптештирүүгө багытталган.