Кыргызстанда Россиянын Маданият күндөрүн өткөрүү пландалууда

Маданият 07 Октябрь 2025 16:01
557693470_1105629325062156_5990630789648738734_n.jpg
558081861_1105629381728817_3555832032379578865_n.jpg
557631216_1105629421728813_7511847329072344828_n.jpg
558311168_1105629348395487_6703266821022974735_n.jpg
Алдыга
Артка
557693470_1105629325062156_5990630789648738734_n.jpg
558081861_1105629381728817_3555832032379578865_n.jpg
557631216_1105629421728813_7511847329072344828_n.jpg
558311168_1105629348395487_6703266821022974735_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 07.10.25. /Кабар/. Кыргызстанда Россиянын Маданият күндөрүн өткөрүү пландалууда. Бул маселе маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев менен Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакуновдун жолугушуусунда талкууланды.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда тараптар жогорку деңгээлдеги маданий иш-чараларды өткөрүүгө, тажрыйба алмашууну өнүктүрүүгө жана эки элдин ортосундагы достукту чыңдоого өз ара кызыгуусун билдиришти.

Мындан тышкары, кинематография тармагындагы кызматташтык маселелери да талкууланды. Тараптар биргелешкен кино долбоорлорун ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн караштырып, кинонун маданий дипломатиянын натыйжалуу куралы жана гуманитардык байланыштарды бекемдөөнүн маанилүү бөлүгү экенин белгилешти.

Ошондой эле алар эки өлкө ортосундагы маданий кызматташуунун актуалдуу маселелерин карашты. Өзгөчө көңүл 2025-жылдын сентябрь айында өткөн XI Санкт-Петербург Эл аралык бирдиктүү маданияттар форумунун жыйынтыктарына бурулду. Бул форумга Кыргызстан активдүү катышкан.

Министр форумдун эл аралык гуманитардык байланыштарды кеңейтүүдө жана маданияттар аралык диалогду чыңдоодо маанилүү платформа экенин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-орус маданий өнөктөштүктү мындан ары да өнүктүрүү максатында көтөрүлгөн бардык демилгелерди ишке ашыруу боюнча кызматташууну улантуу тууралуу макулдашты.