Кыргызстанда пробацияда 1300 адам бар

Коом 18 июнь 2025 12:35
Кыргызстанда пробацияда 1300 адам бар

Бишкек, 18.06.25. /Кабар/. Кыргызстанда пробацияда 1300 адам бар. Бул тууралуу юстиция министри Аяз Баетов парламент жыйынында билдирди.

Анын айтымында, алардын 1 миң 200ү электрондук көзөмөлгө алынган, анда электрондук билериктерден тышкары мобилдик тиркемелер да бар.

“Пробациядагы жарандардын 80%ы мобилдик тиркемелерди колдонушат. Электрондук билерик - бул акыркы чара",- деди ал.

Депутат Элвира Сурабалдиева бул электрондук билериктин баасы канча экенин жана чоң чыгымга алып келер-келбесин сурады.

Юстиция министринин орун басары Алмазбек Зарылбек уулунун айтымында, бүгүнкү күндө электрондук билериктин баасы 150 доллардын тегерегинде.