Бишкек 14.07.25 /Кабар/. Кыргызстанда поло оюнун жайылтуу жана өнүктүрүү пландалууда. Бул тууралуу Gallops долбоорунун Кыргызстандагы координатору Азамат Жаманкулов "Кабар" маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Жумгалда өтө турган ат чабыштын биринчи күнүндө Франциядан келген катышуучулар менен кыргызстандык спортчулар поло оюнун ойнойт.
“Келечекте поло оюнун Кыргызстанда да көк бөрү сыяктуу популярдуу кылуу максатыбыз бар. Бул оюнду жайылтуу боюнча азыртан аракеттер көрүлүүдө. 2026-жылы Gallops поло мелдеши Аргентинада өтөт. Ага Кыргызстандын атынан да команданын катышуусу үчүн даярдыктарды баштадык”, - деп белгиледи Жаманкулов.