Бишкек, 19.06.25. /Кабар/. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинде Кыргызстанда ОСАГО полисин милдетүү алуу мыйзамы акыркылардан болуп кирип жатат. Бул тууралуу "Алма-Иншуренс" камсыздандыруу компаниясынын башкы директорунун орун басары Назар Билалов “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирди.
Анын айтымында, Казакстан, Өзбекстан, Россия сыяктуу кошуна мамлекеттерде бул талап мурда эле кирген.
“Бул коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу бизде баалар кыйла төмөн. Бул жарандар үчүн көптөн күткөн мыйзам болуп эсептелет. Статистикага кайрылсак, өлкөдө авто кырсыктар көп катталып, жабыркаган тарап көп учурда өзү менен өзү калып калууда. Бул мыйзам биринчиден жабыркаган тарапты коргойт. Унаа ээсинин жоопкерчилигин камсыздаганы менен жабырлануучу тарапты коргой турган мыйзам”, - деди Билалов.
“Алма-Иншуренс" камсыздандыруу компаниясы тарабынан өткөн жылы ОСАГО полистери боюнча жабырлануучу тараптарга ири суммадагы каражат төлөнүп берилгени маалымдалды.
“Бир жолку окуяны айтсак, 1 млн 200 миң сом төлөп бергенбиз. Тилекке каршы унаа кырсыктары катталып, компанияга күнүгө жок дегенде 3төн 10го чейинки кайрылуулар болот. Жабырлануучу тарапка төлөмдү жүргүзбөгөнгө мыйзам мүмкүнчүлүк бербейт”,- дейт камсыздандыруу компаниясынын өкүлү.
Ал эми Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын камсыздандыруу ишин жөнгө салуу бөлүмүнүн башчысы Тахмина Камчыбекова үстүбүздөгү жылдын 5 айында өлкөдөгү Камсыздандыруу уюмдары тарабынан жалпы 60 млн сомдун тегерегинде каражат төлөнүп берилгенин айтты.
“2024-жылдын маалыматы боюнча 217 миң 468 камсыздандыруу келишими түзүлүп, анын ичинен 33 млн сом жабыркаган тарапка камсыздандыруу компаниясы тарабынан компенсация катары төлөнүп берилди. Ал эми ушул жылдын 5 айынын жыйынтыгы боюнча эки эсе көп 60 млн сомдун тегерегинде каражат төлөндү. Бул өлкөдө жол кырсыктарынын көбөйүшү менен байланыштуу.
Мыйзамда жазылган милдеттемелерге токтолсок, бир өлүмгө 300 миң сом төлөнөт. Эгерде жабыркаган адамдын ден соолугуна зыян келтирилсе 100 миң сомдун тегерегинде, мүлкүнө же автоунаасына зыян келтирилсе 150 миң сомдун тегерегинде акча төлөнүп берилет. Камсыздандыруу полиси бир жылга 1 миң 680 сомдон башталып, орточо машинага 2 миң 500 сомду түзөт. Тарифтер минималдуу болгону менен жоопкерчиликтер өтө чоң. Камсыздандыруу компанияларына бул чоң суммадагы каражатты төлөп берүү пайдалуу эмес. Ошондуктан камсыздандыруу компанияларынын кызыкчылыгына иштей турган мыйзам эмес. Тескерисинче жабыркаган жарандардын кызыкчылыгын коргойт”, - деп баса белгиледи Камчыбекова.