Бишкек, 03.09.25 /Кабар/. Кыргызстанда автотранспорт каражаттарынын жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) мыйзамы күчүнө кирди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ААК башкармалыгынын төрагасы Элдияр Калдарбеков билдирди.
Анын айтымында, ОСАГО боюнча мыйзам 2015-жылы эле кабыл алынган, бирок аны толук ишке ашыруу дайыма жылдырылып келген.
"Мурунку жетекчилик жарандар менен айдоочулар жаңычылдыкка даяр эмес деп келген. 2023-жылы юридикалык жактар жана чет өлкөлүк жарандар үчүн мыйзам күчүнө кирген. 2023-жылдан 2025-жылга чейин жеке менчик унаа ээлери арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн", — деди ал.
Үстүбүздөгү жылдын 1-январынан тарта өкмөт мыйзамдын күчүнө киришин дагы бир жолу 6 айга жылдырган. 1-июлдан тарта мыйзам толугу менен күчүнө кирди, бирок сентябрь айына чейин айып пулду колдонбоо чечими кабыл алынган.
«Сентябрь айында ОСАГО полисин сатып ала электерге дагы да аны алууга мүмкүнчүлүк бар.
«Бардык зарыл шарттар түзүлдү, эч кандай шылтоо болушу мүмкүн эмес», - деп белгиледи Элдияр Калдарбеков.