Кыргызстанда орточо айлык акы дээрлик 43 миң сомго жетти

Экономика Загрузка... 19 Январь 2026 13:13
16bb79af-1fda-477d-_qnMXnzm.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 19.01.26. /Кабар/. Кыргызстанда 2025-жылдын январь-ноябрь айларында орточо айлык номиналдык эмгек акы 42 миң 954 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов билдирди.

Анын айтымында, 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу эмгек акы 19,1 пайызга өскөн.

Кудайбергенов белгилегендей, эмгек акынын эң көп өсүшү төмөнкү тармактарда катталган:

  • кыймылсыз мүлк менен болгон операциялар;
  • курулуш;
  • саламаттыкты сактоо;
  • маалымат жана байланыш;
  • калкка социалдык кызмат көрсөтүү;
  • кесиптик;
  • илимий жана техникалык ишмердүүлүк;
  • мейманкана жана ресторандар;
  • финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу;
  • мамлекеттик башкаруу жана коргонуу;
  • мамлекеттик камсыздоо жана кен казуу тармагы.