Бишкек, 12.08.26. /Кабар/. Кыргызстанда органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча иштер уланууда. 2026-жылдын 30-июнуна карата органикалык өндүрүшкө тартылган жердин жалпы аянты 101 миң 358 гектардан ашты.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына караганда, 11 кооператив эл аралык стандарттарга ылайык органикалык продукция өндүрүп, кайра иштетет. Алардын жалпы аянты 11 миң 392 гектарды түзөт.
Мындан тышкары, 37 аймакта органикалык өндүрүш үчүн катышуучулук кепилдик системасын (PGS) киргизүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул багыттагы жерлердин аянты 85 миң 257 гектарды түзөт.
Ошондой эле облустарда органикалык өндүрүш боюнча пилоттук жеке чарбалар уюштурулуп, аларга PGS жана эл аралык сертификация талаптары үйрөтүлүүдө. Алардын жалпы аянты 4 миң 709 гектар.
Органикалык өндүрүштү кеңейтүү жана кыргызстандык продукциянын ички жана тышкы рыноктордогу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу иштери улантылат.