Кыргызстанда онунчу балага 2 млн сом төлөнөт

Экономика Загрузка... 24 Сентябрь 2025 18:07
posobie_4ExpQDX.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 24.09.25. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңеш "Кыргызстанда мамлекеттик пенсиялар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун үч окууда кабыл алды.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу 2024-жылы президенттин бийик тоолуу аймактарда балдардын төрөлүшү үчүн бир жолку төлөм жөнүндө жарлыгы чыкканын эске салды.

Анын айтымында, 2026-жылдан тарта "балага береке" жөлөк пулун уюштуруу сунушталууда, анда төмөнкүдөй төлөм каралууда:

  • төртүнчу балага 100 миң сом;
  • бешинчи балага 600 мин сом;
  • алтынчы балага 800 миң сом;
  • жетинчи балага 1 млн сом;
  • сегизинчи балага 1,2 млн сом;
  • тогузунчу балага 1,5 млн сом;
  • онунчу балага 2 млн сом.

"Бул каражаттар бала 1 жашка толгондон кийин, башкача айткан, 2027-жылдын 1-январынан тартып төлөнө баштайт. "Балага береке" жөлөкпулунун биринчи төлөмүнө 6 млрд 615 млн сом каралган. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2024-жылы бийик тоолуу аймактарда жана жетүүгө кыйын болгон зоналарда 4төн 10го чейин бала төрөлгөн — бул 10 миң 900 баланы түзөт", - деп билдирди чиновник.