Окуучулар да IT тармагына салым кошуп, ийгиликтерди багындырса болот - жаш адис менен маек

Коом Загрузка... 25 Февраль 2025 20:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Данияр Шайлообековдун жеке архивинен

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө кайсы гана тармакты албайлы IT адистеринин жардамына муктаж. Анткени технология өнүккөн заманда интернет аркылуу тигил же бул ишти жүргүзүү алда канча жеңил. Учурда Кыргызстанда жаш IT адистердин катарын окуучулар да толуктап, тажрыйба топтоп, ошол эле маалда киреше табууга аракет көрүшүүдө. “Кабар” агенттиги бул ирет Бишкек шаарындагы №82 орто мектептин 11-классынын окуучусу, 17 жаштагы Данияр Шайлообеков менен маектешип, анын ийгиликтери жана алдыга койгон максаттары тууралуу баарлашты.

WhatsApp Image 2025-02-25 at 13.28.58 (1).jpeg

Данияр айтсаңыз, мектепте билим алып, ага кошумча IT тармагында да иштөөгө эмне түрткү болду?

Мен азыр Бишкектеги №82 орто мектепте 11-класста окуйм. Мектептин президенти катары окуучулар менен иштейбиз, мектебибиздин ичинде жана райондук, шаардык, облустар аралык ар кандай иш-чараларга, сынактарга биргеликте катышабыз. 2022-жылы сабактан кийин курстарда билим алууну чечип, Geeks IT академиясында UX UI дизайн курсун окуп бүтүрдүм. Ошол убактан бери команда башкарууну үйрөнүп, лидерлик сапатты жогорулатууга басым жасадым. Анан IT тармагына аралашып, мени менен тең окуучу менен өнөктөш болуп, чогуу IDream Studio аттуу чакан IT студиябызды негиздегенбиз. Учурда кардарлардан сайт, тиркемелерди иштеп чыгуу боюнча буюртмаларды кабыл алабыз. Алар менен бир жылдан ашык убакыттан бери бир топ продуктуларыбызды чыгардык. Баарыбыз 17-20 жаштагы балдарбыз.

WhatsApp Image 2025-02-25 at 13.28.58 (2).jpeg

— Бүгүнкү күндө силер иштеп чыккан кайсы тиркеме же сайттар иштеп жатат?

Биз он чакты сайтты даярдаганбыз. Мисал катары айта кетсем, азыр таанымал болуп жаткан tilimpoz.kg сайты. Биз сайтты жасап, ичине маалыматтарды жүктөп бергенбиз. Бүгүнкү күндө “Сынамык” аттуу мобилдик тиркемени түзүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Ага ЖРТ тесттери киргизилет. Ал жакын арада Play Market жана App Store`до жеткиликтүү болот. Мындан тышкары, чакан сайттар бар, мисалы курулуш компаниялары өздөрүнүн сайтын жасатышат. Алардын да дизайнын каалагандай кылып жасап беребиз.

— Ушу тапта кыргызстандык жаш адистер Google, Microsoft сыяктуу дүйнөлүк компанияларды багындырып, ийгиликтерге жетишүүдө. Аларга окшоп атактуу компанияларда иштөөнү кааласаңар керек?

Быйыл мектепти аяктап, жогорку билим алуу үчүн окууга тапшырууну пландап жатам. Дубайдагы университеттердин биринде бизнес жана ишкердик адистиги боюнча окуумду улантам деп турам. Кыргызстанга салым кошууга максат кылууну кыялданабыз. Ага чейин чет өлкөгө барып өзүбүз алгач тажрыйба топтоп, 5 жылдын ичинде мамлекетибизге келип компаниябыздын идеяларын ишке ашырууга аракет кылабыз. Биздин мамлекетте азыр кандай гана иш болбосун кыргыз тилине басым жасоо зарыл болуп турат, ошондуктан технологияларга, жасалма интеллектке кыргыз тилин киргизүү керек. “Акылай” өңдүү AI-жардамчыларды көбөйтүү кажет.

WhatsApp Image 2025-02-25 at 13.28.58.jpeg

— IT тармагы кирешелүү тармактардын бири экени белгилүү. Акыңарды кантип баалайсыңар?

Негизинен бааларга келсек, көлөмдүү сайттарды даярдоо 3 миң АКШ долларынан башталат, ал эми бир беттен турган сайттар 700-1000 миң долларга чейин бааланат. Азыр тобубуз менен көбүнесе аралыктан иштеп жатабыз. Ысык-Көл, Нарын облустарында кесиптештерибиз бар. Кызматкерлер керек болуп калса, жарыя чыгарып, бизге ылайыктуу болсо иштешебиз.

WhatsApp Image 2025-02-25 at 13.29.18.jpeg

Окуучуларга убакытын туура пайдаланууга, максаттарын ишке ашырууга кандай кеңеш берет элең?

Албетте, ар бир адамдын максаты болушу керек. Убакытты туура пайдаланып, өзүнө эмне кызык болсо, ошол тармакта алектенүүгө далалат жасашы маанилүү. Кызыгуу гана керек деп айтат элем, өзүнүн жан дүйнөсүнө жакын тармакта ийгилик жаратса болот. Мисалы, биздин мектепте спорт түрлөрү менен машыгып, мелдештерде алдыңкы орундарга жетишип жаткан окуучулар бар. Ошондуктан ар бир адам алдыга максат коюп, өзүн сынап көрүшү керек. Менин оюмча, жүрөгүнө жакын кесипти тандаганда гана ийгиликтерге жетсе болот.

WhatsApp Image 2025-02-25 at 13.28.57.jpeg